Turmush — Бишкек—Ош жолу менен Ош шаарынын Т.Турсунбаева көчөсүн бириктирүүчү жолдун жээгиндеги 37 объекттин ээлерине кенемте төлөнүп берилет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтомуна ылайык, аталган жолдун кызыл сызыгына туш келген 37 объекттин ээсине 67 млн 829 миң 772 сом кенемте төлөнөт.
«Кенемте алуучулардын бешөө коммерциялык жайлардын ээлери. Төлөмдөр көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул кадам жол инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардык транспорт кыймылын оңдоо максатында аткарылууда», - деп айтылат райондук администрациянын маалыматында.
Кара-Суу райондук админстрациясынын башчысы — аким Канат Табалдиев Turmush басылмасына билдиргендей, үйлөрү бузула турган жарандарга Датка айыл аймагынын Падаван айылынан 2,5 гектар үлүш жер тандалып, трансформациялоо маселеси каралууда.
«Бир жуманын ичинде документтер трансформациялоо үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлөт. Жарандардын үйүн бузарда жерин көрсөтүп, компенсациясын төлөп, анан бузабыз», - деди ал.
----------------------------------------------------------------
Буга чейин Turmush Ош шаарына кирүүчү Т кесилишиндеги жолдун боюнда жайгашкан 28 үйдүн ээлерине жер берүү маселеси каралып жатканын жазган.
«Т түрүндөгү жолдун боюндагы 28 турак жайды бузуу маселеси чечиле элек. Азыркы учурда үйлөрдү баалоо иштери аягына чыкканы жатат. Турак жайларды баалап алгандан кийин ар бир үйдүн ээси менен келишимге кол коебуз. Анан калса 28 адамга 28 жер участогун беришибиз керек. Азыр жергиликтүү эл макул болгудай жер даярдап жатабыз. Тургундарга биринчи жер участогун, компенсациясын беребиз. Андан кийин гана үйлөрүн буза баштайбыз. Жерди Шарк, Падаван айылдарынан, ошол тургундар жашаган жерге жакын жерден издеп жатабыз. Ал жерде трансформация болгон жер жок. Бир жер бар, бирок ал жерлер үлүш жерлер болуп жатат. Дагы башка жерден бир кызматтын 2,5 гектар жерин таптык. Эми үлүш ээлери менен сүйлөшүп, ошол кызматтын жерлерин берсекпи деп сүйлөшүү жүрүп жатат», - деген аким.