Turmush — Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы Мамат Оморов атындагы элдик филармония оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, филармония 1989-жылы пайдаланууга берилген.
«2011-жылы толук эмес оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бүгүнкү күндө дем берүүчү гранттан 5 млн, өнүктүрүү фондунан 3 млн акча каражаты бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Ичи-сырты толугу менен ондоодон өтүүдө. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет», - деди айыл өкмөт башчысы.
Оңдоо иштерин «Амазон Групп» жоопкерчилиги чектелген коому колго алган.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Амазон Групп» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү — Абылов Эстебес Акылбекович. Компания 2020-жылы 12-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймактын курамында 6 айыл бар. Калкынын саны — 23 миң 577 адам.