Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагына караштуу 3 айылды бириктирген жолго асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, аталган жол Мырза-Аке айыл аймагынын эң алыскы Таш-Башат, Кандаба жана Чечебай айылдарын бириктирет. Анын 3 чакырым тилкеси оңдолууда.
«Бул жол Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында болуп, республикалык бюджеттен каржыланууда. Оңдоо иштерин «ДОРТЕХСТРОЙ» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Мындан сырткары Мырза-Аке айылынын борбордук бөлүгүндөгү тротуарларга да асфальт төшөлүүдө», - деди айыл өкмөт башчысы.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «ДОРТЕХСТРОЙ» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Токтоназаров Абай. Компания 2019-жылы 5-февралда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймактын курамында 6 айыл бар. Калкынын саны — 23 миң 577 адам.