Turmush — Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында ички чарбалык жолдор сүрдүрүлүп, тегиздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.
Анын айтымында, бул иштер 2024-жылдын кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо, тоют чөптөрүн чабууга даярдык көрүү максатында аткарылууда.
«Айыл аймактагы бардык айылдардын ички чарбалык жолдору тегизделип жатат. Жергиликтүү бюджеттен жалпы 200 миң сом акча каражаты сарпталган», - деди ал.
- Административдик-аймактык реформадан кийин Мырза-Аке айыл аймагына Алтын-Булак айыл аймагы кошулган. Айыл аймакта жалпы 9 айыл бар.